Бишкекте мектептердин жайкы лагерин жабууну сунушташууда

Кечээ, 13-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында депутат Валентина Лисниченко борбордогу мектептердин жайкы лагерин жабууну сунуштады. Анын айтымында, лагерлерге бөлүнгөн каражаттарды башка долбоорлорго багыттоого болот. “Бул чоң акча эмес, бирок аларды кайра инвестиция кылууга болот. Мисалы, мектептерди оңдоого, жолдомо берүүгө, кошумча төлөм кылууга. Тактап айтканда, кыйла үнөмдүү пайдаланууга болот”,- деди депутат. Депутат Наталья Щербакова белгилегендей, бул лагерлер башында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына арналган, ал жакка болсо бардык балдар барышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан