Бишкек шаардык прокуратурасы 11-мартта Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын жооптуу кызматкерине жана Бишкек ЭЭАнын Мамлекеттик салык жана Бажы кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 14-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Жооптуу кызматкерлер “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталышууда. Тактап айтканда, кылмыш иши “P.I.C. CO.LTD” ишканасына мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү кылмышына байланыштуу козголду. Аталган чет элдик компания ЭЭАнын аймагында КРнын мыйзамында каралган шарттар менен иш жүргүзбөй, азык-түлүктү импорттоо жана аны борбор шаардагы базарларга сатуу иштери менен алектенип жүргөн. Ишкана салык жана бажы мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз жеңилдиктерден пайдаланып жүргөнү айтылды.
Факты боюнча тергөө жүрүп жатат.