Кабыл алынган мыйзамдын максаты – мергенчилик кылуу жана мергенчилик чарба ишмердигин жүргүзүү учурунда пайда болгон жашоо чөйрөсү жана мергенчилик ресурстарын пайдалануу, көбөйтүү, сактоо жаатындагы мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу, аңчылык ресурстарын башкаруунун адекваттуу жана натыйжалуу системин түзүү.
«Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.