Кыргызстанда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы малдын шарп оорусунун алдын алуу боюнча республика боюнча бир айлык жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган илдеттин жайылышы экспорт маселесине зыянын тийгизип, коңшу мамлекеттерге эт, сүт азыктарын сатууну татаалдаштырат. Ушундай абалды болтурбоо үчүн бир айлык жарыяланды. Бир айлыктын алкагында бардык аймактарда малдар текшерүүгө алынат.
Белгилей кетсек, 2013-жылы өлкөдө шарп илдети катталган эмес.