Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы №55-бала бакча менен таанышты. Бул бала бакча мектептин бир бөлүгүндө жайгашкандыктан, мектептин үч бөлмөсүн бала бакчага берүү чечимин Ош шаардык билим берүү башкармалыгы көтөрүп чыккан. Маселе менен жеринен таанышкан шаар мэри бала бакчаны 3 тайпага көбөйтүү маселесин чечти. Аталган аймакта 4000 бала кезекте турат, ал эми бала бакча 200 орунга гана ылайыкташкандыктан, тайпаны көбөйтүү керектигин шаарчанын тургундары айтып, жетекчиликке бир канча ирет кайрылышкан.
Бул имарат 1984-жылы мектепке чейинки балдарды тарбиялоо үчүн ачылып, бирок 1995-1996-жылдары мектеп катары иштеп калган. Учурда 1-класстан 11-класска чейинки 745 окуучу билим алат. Аталган аймактык кеңеште 40 миң калк бар.