“Жеңиш” аянтындагы Өчпөс отко күзөтчү коюу сунушталды

“Кыргызгаз” ишканасы “Жеңиш” аянтындагы Өчпөс отко күзөтчү коюуну сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта аталган мекемеден кабарлашты.

Маалымдалгандай, 3 күндүн ичинде эле Өчпөс от белгисиз бирөөлөр тарабынан эки жолу өчүрүлгөн. 12-мартта бейбаш балдар монументтин ичине суу толтуруп өчүрүшкөн болсо, кечээ ал белгисиз бирөөлөр тарабынан өчүрүлгөн. Авариялык чакыруудан улам барган газ оңдоочулар аппараттан эч кандай кынтык табышкан эмес. "Кыргызгаз" муну атайын жасоо деп таап, күзөтчү коюу сунушун киргизүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан