Бүгүн, 14-мартта Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулуу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Н.Ахметова мамлекет башчыга кеңештин 2014-жылдын 25-мартына пландаштырган отуруму тууралуу маалымат берди.
Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин IV жыйынында 2015-жылы өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктар, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө тил саясатын өнүктүрүү маселелери каралат.
Алмазбек Атамбаев каралуучу маселелердин маанилүүлүгүн эске алуу менен жыйынга тийиштүү деңгээлде даярдык көрүү керектигин айтты.