Мамлекеттик Думанын 13-марттагы жыйынында депутат Владимир Жириновский Орусия 24 сааттын ичинде Украинаны басып алышы керектигин айтып чыкты. Депутат бардык украиналык мончолорду тыңшоого алууну да сунуштады.
“Биздин Атайын кызматтар каякта? Алар эмне, Польшада, Литвада, Украинада аскерлер даярдалып жатканын көрбөй жатышабы? Эмне, украиналык бардык мончолорду тыңшоого ала албай жатышабы? Алар баарын ачык эле жасап жатышат, бир бөтөлкө арак ичкенден кийин эмне пландары бар экенин айтып салышат”,- дейт Жириновский.
Депутат: “Крымды гана эмес, 24 сааттын ичинде бүт Украинаны басып алыш керек. Эч ким эч нерсе түшүнбөй калсын”,- деп кызууланды.