Баткендин Ак-Сай айылында учурда жүздөгөн адам топтолуп турушат, абал тынч. Муну бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына аталган айылдын Акмат аттуу тургуну билдирди. Анын билдиришинче, тажик тараптын 13-марттагы аракети эл ичинде кооптонуу жаратты.
“Бийликке канча талап койсок да аткарылбай жатат. 13-марттагы чатак боюнча Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, ак-сайлыктардан кечирим сурап кетишти. Келишпестик учурунда коротулган грейдердин күйүүчү майын да куюп беришти жана грейдерди өткөрүштү”,- дейт Акмат мырза.
Маалыматка таянсак, учурда Исфана – Ворух унаа жолу буулуп турат.
Эскерте кетсек, 13-мартта Ак-Сай айылындагы ички жолдорду сүрүүгө бара жаткан грейдерди тажик тарап өз аймагынан өткөрбөй койгон. Бул ортодо түшүнбөстүк чыккан.
Азыркы учурда ички жолдорду тегиздөө иши жүрүп жатат. Ал эми Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолу токтоп турат. “Тажикстандыктар “урушса урушабыз, бирок жолду курууга уруксат бербейбиз” деп жатышыптыр. Эл ичинде ушундай сөздөр айтылууда”,- дейт аталган тургун.