Бүгүн, 14-мартта Кемин районундагы Орловка айылында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы көчмө жыйын өткөрүүдө. Ага өкмөттүн тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин жетекчилери, комбинатты куруп жаткан “Алтын кен” ишканасынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
Депутаттар Орловка айылынан анча алыс эмес жерде жайгашкан “Талды-Булак сол жээк” алтын кенин иштетүүчү комбинаттын, калдык сактоочу жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышууда.
“Маалыматтарга ылайык, комбинаттын курулушу ушул жылдын 30-июнунда бүтөт. Эки жылдын аралыгында алтын өндүрүү толук кандуу ишке кирет. Алдын ала изилдөөлөргө ылайык, кенде 78 тонна алтын, 5 тонна күмүш бар”,- деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.