Баткен. Ак-Сай – Тамдык жолун курууга тоскоол болгон тоо атып түшүрүлөт
Бүгүн, 14-мартта Кыргызстандын транспорт министри Калыкбек Султанов иш сапары менен Баткен облусуна келди. Ал өкмөттүн Баткен облусунун өкүлчүлүгү Жеңиш Разаков менен Ак-Сай – Тамдык жолун курууга тоскоол болгон тоону атуу жолу менен түшүрүүнү көрүү үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.