Бүгүн, 14-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын жаңы шайланган бир катар элчилерин кабыл алды. Аларды жаңы кызматка киришүүсү менен куттуктаган өкмөт башчы элчилерге чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укугун коргоого чакырды.
“Өз миссияңарды так аткаруу үчүн өкмөт силерге керектүү жардамды берет”,- дейт Сатыбалдиев.
Айта кетсек, жакында президенттин буйругу менен Кыргызстандын бир катар өлкөдөгү элчилери жана Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу дайындалган.