15-17-мартта Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

15-16-17-март күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 15-мартта Чоң-Арык айылында, Бишкектин Элебесов, Тоголок Молдо, К.Баялинов, Фере көчөлөрүндө белгиленген убакыт аралыгында электр жарыгы өчүрүлөт. Ал эми 16-мартта Исанов, Кара-Суу, Киев көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 17-мартта болсо Аламүдүн районунда, Лебединовка, Арчалы, Байтик айылдарында, ошондой эле Биринчи Май, Сокулук райондорунун айрым айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Мындай чектөө “Нур”, "25 лет Киргизии”, “Ленин” электр чордондорун оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан