Жалал-Абад. Жумушсуздукту жоюу максатында Германия кызматташтыгы менен биргеликте тегерек стол болуп өттү

Жалал-Абад шаарында 14-март күнү жумушсуздукту жоюу максатында Германия кызматташтыгы менен биргеликте шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү тарабынан тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  

Иш-чарада жаштардын жумушсуздугу жана анын негизги себептери жөнүндө талкуу болду. 

Анда КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жыйнактап талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Наргиза Туркебекова: "Биз Германия менен биргеликте 3 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Өткөн жылы алгачкы жолу жумушсуз жаштар арасында изилдөө жүргүзүп, анын жакшы жыйынтыгы чыкты. Ошондон бери ар бир район-шаарларда изилдөө жүргүзүп, тегерек столдорду уюштуруп келебиз. Изилдөөнүн  максаты  - иш издөөчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн абалы кандай экендигин билүү. Мындай тегерек столдорду жыл сайын өткөрүп, кайсы жерде кандай көйгөй болсо, колдон келишинче чечип берүүгө аракеттенип жатабыз",- деп билдирди.

Белгилүү болгондой, 2013-жылы 1004 адамды жумуш менен камсыз кылып, 298 коомдук акы төлөнүп, 227 жаран кыска мөөнөт менен окутулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан