Бишкекте чаң басып, айланасы булганган тарыхый жана маданий эстеликтерди тазалоо иштери башталды. Муну бүгүн, 14-мартта мэрия кабарлады. Учурда борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы эстеликтер тазаланып жатат. Маалыматка таянсак, борбор шаарда “Тазалык” муниципалдык ишканасына караштуу 49 эстелик жайлары бар.