Малайзия. Дайынсыз жоголгон учактагы жүргүнчүлөрдүн туугандары нааразычылык акциясына чыгышты

Бээжинде жоголуп кеткен “Боинг” учагынын жүргүнчүлөрүнүн туугандары Кытай бийлигине жана Малайзия авиакомпаниясынын иштерине нааразы экенин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Кытайдын бийлиги жүргүнчүлөрдүн туугандарын аэропортко жакын жердеги отелге жайгаштырууга жана издөө иштери боюнча маалымат берип турууга убада берип, бирок аны аткарбай жаткандарына нааразы экендиктерин билдиришкен. 

"Мен азыр бул тууралуу башкы катчы Си менен сүйлөшкүм келип жатат. Менин жолдошум жоголгон учакта болчу. Балам күндө "Атам кана?" деп сурап жүрөгүмдү эзүүдө. Мен эмне кылышым керек? Бийлик бизди колдоого алса болмок" деген оюн билдирген жолдошун күтүп жаткан кытайлык келин. 

Ошондой эле алар Малайзия авиакаттамын сотко бере тургандыктарын кошумчалашкан.

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Анда 14 өлкөнүн жарандары болгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндө аны менен болгон байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы жана артты карай, батышка бурулганы көрүнгөн. Кызыгы, жүргүнчүлөрдүн телефонуна коңгуроо кетүүдө, бирок эч кандай жооп боло элек.

Учурда учакты издөө иштери Инд океанында жүрүп жатканын чет элдик маалымат каражаттары кабарлашууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан