№47-түзөтүү колониясынын алдына Нариман Түлеевдин тарапташтары жана бир туугандары митингге чыгышты

Бүгүн, 14-мартта №47-түзөтүү колониясынын алдына Нариман Түлеевдин тарапташтары жана бир туугандары митингге чыгышты. Алар экс-мэрдин абалына тынчсызданганын билдиришти. Айтымдарында, кечээ, 13-мартта Нариман Түлеев жаткан камерага бет капчан адамдар кирип келишип колуна кишен тагып, сабашкан. Андан соң эч нерсе дебестен унаага салып УКМКга алып келишкен. Бирок ал жакта орун жок болгондуктан, кайра №47-түзөтүү колониясына кайтышкан. 

Түлеевдин тарапташтары жана бир туугандары өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту.

Анда экс-мэр Нариман Түлеев белгисиз бет капчан адамдар тарабынан сабалганы айтылган.

Кайрылууда вице-премьер-министр Токон Мамытовду, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Орозалиевди жана №47-түзөтүү колониясынын жетекчиси Мырзабек Абылбековду ээлеген кызматтарынан четтетүүнү суранышты.

Эгер жогоруда аты аталган адамдар кызматтан алынбаса, колониянын алдында митинг боло берери да жазылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан