Бүгүн, 14-мартта Бишкектин ички иштер органдарында гарнизондук бөлүштүрүү болуп өттү. Иш-чарага Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев, ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев, мэриянын өкүлчүлүгү жана башкалар катышышты. Иш-чара миңге чукул адамдан турган парад менен аяктады.