Баткен. Талкаланган кыргыз тараптын унаасын тажик бийлиги төлөп берет

Бүгүн, 14-мартта КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов иш сапары менен Баткен облусуна барды. Анда министр өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков менен Ак-Сай – Тамдык жолу курулуп жаткан аймакка барып, абалды көрдү. Ал жерден Тажикстандын бийлик өкүлдөрү менен да жолугушканы айтылды. Жыйынтыгында эртең менен кыргыз тараптын талкаланган унаасын тажик бийлиги төлөп бермей болду. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынын өкүлү Алимбек Матмуратов билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан