Кыргызстандын тышкы товар айландыруусу 2014-жылдын январында 542,4 миллион долларды түздү. Муну бүгүн, 14-мартта Улуттук статистика комитети билдирди. Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көп.
Январь айында өлкө 125,9 миллион долларлык (былтыркыдан 11,2 пайызга көп) товар экспорттосо, импорттун суммасы 416,5 миллион долларды (былтыркыдан 8,7 пайызга көп) түздү.