Украиналык миллионер Геннадий Балашов "Крымдагы жана Украинадагы орусиялыктарды аткыла" деп ачык эле буйрук берди

Украиналык миллионер Геннадий Балашов "Крымдын жана Украинанын аймагында жүргөн орусиялыктарды башка аткыла" деп ачык эле буйрук берди. Бул тууралуу, бүгүн, 14-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарда Балашовдун "Альфа" баарын териштирсин, мүшөктөгү болобу, борбордук түрмөдөгү болобу, баарын атышсын! Алар буга татыктуу, башканын аймагында, биздин Украинанын аймагында жүрүшөт. Крым, Харьков, Днепропетровск, Донецк - биздин аймак! Эгер биздин өлкөдө георгиевдик лента тагынгандар жүрсө, аларды башка аткыла! Алар биздин душман, сүйлөшпөгүлө!" деп кыйкырганы айтылган. Андан соң ал орус тилинде: "Провокацияга алдырбагыла, эч нерсе айтпагыла, атпагыла! Эгер снайперлер алардын башына атышпаса, биздин аймакта калып калышат!"- деп сөзүн аяктаган.

Белгилей кетсек, Геннадий Балашов - украиналык ишкер, жазуучу, блоггер.

Украиналык миллионер Балашов орустарды башка атууга чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан