Сузак районунда 50 орундуу оорукана пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 50 орундуу аймактык оорукананын имараты пайдаланууга берилет. Имараттын ачылыш аземи 21-март күнү болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, ооруканада 51 миллион сомдук жумуштар жүргүзүлүп, андан сырткары 4 миллион сомго медициналык жабдуулар алынды. Ал эми эмеректерди айыл аймагындагы жеке демөөрчүлөр алып беришкен.

«Оорукана ишке кирсе, операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- дейт аким өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан