Акыркы апта ичинде Бишкектин базарларында 1-сорттогу ундун килограммы 1 сомго кымбаттаса, жогорку сорттогу ундун баасы өзгөрүүсүз калган. Бул тууралуу Экономика министрлиги 6-марттан 13-мартка чейин азык-түлүктүн чекене баасына жүргүзгөн анализинин жыйынтыгына таянып кабарлады.
Маалыматка таянсак, "Акун" жоопкерчилиги чектелген коомунун 500 килограммдан, "Эльнур" ЖЧКсынын 1,5 тоннадан, "Яшар" ЖЧКсынын 5 тоннадан жогору сатылган 1-сорттогу унга карата бекиткен дүң-чекене баасы 21-22,6 сомдун тегерегинде болуп жатат. Анын ичинде "Акун" ишканасынын 1-сорттогу унунун 1 килограммына 0,5 сом кошулуп, учурда 21,8 сомду түздү.
Ал эми Бишкектин базарларында кыргызстандык өндүрүүчүлөр чыгарган 1-сорттогу ундун баасына бир аптада 1 сом кошулган. Тескерисинче, Казакстандан келген ундун баасы кымбаттабай, мурдагы 27,6-28,7 сом деңгээлинде калган.
Жогорку сорттогу ундун баасы өзгөрүүсүз калган жана 31-34 сомдон сатылууда.