Сокулук районунда Кыргыз-корей борборунун күнөсканасы ачылды

Бүгүн, 14-мартта Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Арал айылында Кыргыз-корей агроөнөржай борборунун күнөсканасын ачышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Корея Республикасынын элчилигинен маалымдашты.

Күнөскананы ачуу иш-чарасына Кыргызстандагы Кореянын элчиси Ким Чанг Гю жана Корейлердин коомдук бирикмесинин президенти Валерий Цой катышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз-корей агроөнөржай борбору 2012-жылы май айында түзүлгөн. 1650 чарчы метр жерге курулган күнөсканада жаңы технологиялар колдонулмакчы. 2013-жылдын декабрь айында курулуштун жалпы аянты 4350 чарчы метрлик үч теплицадан турган экинчи долбоору аяктаган болчу.

Бул курулушка Корея 744 миң доллар бөлүп берген жана кошумча 360 миң доллар берүүнү пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан