"Кыргызстандагы күрөөканалар 180 пайыз ченем менен балдарды да күрөөгө ала баштады" деп билдирди 14-марттагы маалымат жыйынында Карыз алуучулар комитетинин төрайымы Динара Назаркулова.
Анын айтымында, Улуттук банк жана Каржы министрлиги күрөөканалардын ишин көзөмөлдөбөйт. Мыйзамга ылайык, күрөөканалар алтын буюмдарды жана башка техникаларды гана күрөөгө ала алышат. Негизинен күрөөгө кыймылсыз мүлктүн документтери гана берилет.
«Түштүк аймакта күрөөкана ээлери такыр эле чектен чыгып кетишти. Алар ата-энелер карыздарын кайрып бермейинче балдарын күрөөгө кармап отурушат экен»,- деп тынчсызданат Д.Назаркулова.
«Алардын юридикалык каттоо жайларында жана Мамлекеттик каттоо кызматында өз кишилери бар. Үй ээсинин уруксатысыз эле эч кыйынчылыксыз үй жана унааларды өзүлөрүнө өткөрүп алышууда. 7 миң сомдон 15 миң сомго чейинки суммага патент сатып алып, миллиарддаган акчаларды айлантып жатышат»,- дейт ал өз сөзүндө.
Карыз алуучулар комитетинин өкүлү белгилегендей, учурда күрөөканалардын жылдык пайыздык чени 160-180 пайызды түзүүдө. «Бизде мыйзам деген такыр иштебейт. Доллар менен кредитти жеке жактар алып жатабы же банктар алып жатабы, аны менен эч кимдин иши жок. Мына, көрүп жатасыңар, ушинтип эле доллардын курсу өсүп жатат. Биз Улуттук банкка кайрылабыз, күрөөканалар жана микрокредиттик компаниялар мыйзамга ылайык белгиленген салыкты төлөшсүн»,- деп кошумчалады Д.Назаркулова.