2013-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн балмуздактын жана тоңдурулган азыктардын көлөмү 4,5 миң тоннаны түзгөн. Бул тууралуу 15-мартта КРнын Улуттук статистикалык комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу аз болгон. 2012-жылы 4,7 миң тонна тоңдурулган азык өндүрүлгөн.
Комитеттин акыркы маалыматы боюнча, 2014-жылдын январь айында 2,9 тонна тоңдурулган азык өндүрүлгөн.