Кечээ кыргыз-тажик чек арасында окуучу кыздар уруша кетишти

Кечээ, 14-мартта кечинде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган Баткен районунун Көк-Таш айылында окуучу кыздар уруша кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Баткен ШИИББинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалымдалгандай, мектептен келе жаткан окуучу кыздардын арасында түшүнбөстүктөр жаралып, айтыша кетишкен. Бири-бирине түкүрүүгө чейин барышкан. Мындан улам эки тараптан тең эл чогула калган. Жергиликтүү бийликтердин сүйлөшүүсүнөн кийин гана чогулгандар тарап кетишкен.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуучулардын эч кимиси арыз менен кайрылбагандыктан, кылмыш иши козголгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан