Бүгүн Бишкекте фашизмге жана неонацизмге каршы өткөн митингге 200гө чукул адам катышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-мартта Бишкектеги "Жеңиш" аянтында "Орусия, биз сени мененбиз!" ураанынын астында митинг болуп өттү. Ага 200гө чукул адам катышты. Алардын арасында депутат, коомдук ишмерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, казактар, кыргыз искусствосунун өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар жүрүштү.
Иш-чара кыргыз жана орус тилдеринде өтүп, эч кимдин көңүлүн калтырган жок. Митингдин жүрүшүндө алып баруучулар жана эл астына чыгып сүйлөгөндөр "Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыгын алмаштырбоо зарыл! Орусия менен Кыргызстан мындан ары бекем достошушу керек!" деп баса белгилеп жатышты.
Иш-чара соңуна келгенде Улуу Ата Мекендик согушта жана 1999-2000-жылдары Баткен окуяларында курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды. Митинг Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан