Жалал-Абад. Базар-Коргон айыл округунда бала бакча жетишсиз

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл округунда бала бакча жетишсиз. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Абдыкадыр Жолчиев кечээ, 16-мартта билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн карамагында 10 мектеп, 10 балдарды мектепке чейин даярдоочу жай бар. Мектеп жетиштүү болгону менен, балдар бакчалары жетишсиз.

“Айылдагы балдардын 50 пайызы гана бала бакчага барат. Ушул сыяктуу маселелерди чечүү, мектепке чейинки балдарды тарбиялоо максатында 2014-жылдын башында 3 бала бакчаны ишке киргиздик. Алар мурда жабылып, мектеп болуп калган”,- дейт Абдыкадыр Жолчиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан