Быйыл 2000 гектарга пахта эгүүнүн алдында турабыз. Бул тууралуу Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл округунун башчысы Абдыкадыр Жолчиев кечээ, 16-мартта билдирди.
Анын айтымында, айыл аймагында 4200 гектарга жакын сугат жер бар.
“2-3 жыл мурун пахтанын баасы төмөндөп кеткен. Мындан улам көпчүлүк пахта аянттарына буудай айдалып калган. Быйыл пахта аянтын кеңейтүүнү максат кылуудабыз. Ал эми күзүндө 800 гектарга кылкандуу дан эгиндери эгилди. Анын 400 гектары сугат жер. Жарымы кайрак. Ошондой эле бизге 2200 тонна минералдык жер семирткич керек. Бүгүнкү күндө анын 800 тоннасын арзандатылган баада алдык”,- дейт Абдыкадыр Жолчиев.