Тоолуу аймактарда дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Толгонай Ахмедова кечээ, 16-мартта билдирди.
Анын айтымында, аймактык ооруканаларда дары-дармектер жетиштүү. Материалдык база чыңдалган. Бирок тоолуу аймактарда, айрыкча Кызыл-Көр, Моңол айыл өкмөттөрүндө дарыгерлер жетишсиз.
“Учурда көпчүлүк дарыгерлер айлыгы аз деп, Орусияга кетип жатышат. Жогорудагы көйгөйдү чечүү үчүн медициналык окуу жайларга билдирмелерди берип жатабыз”,- деди Толгонай Ахмедова.