2014-жылдын 17-мартына карата 2013-жылдагы кирешеси жана мүлкү тууралуу декларация тапшыра электердин катарында Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов менен Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов бар. Муну бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик кадр кызматы билдирди. Эскерте кетсек, М.Мырзакматов менен И.Өмүркулов 2013-жылдын 5-декабрында кызматтан бошотулушкан.
Декларация тапшыра электердин катарында мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Ибрагим Жунусов, экс-тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаттары Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев жана башкалар бар.