Кызыл-Кыя шаарындагы №3-мектепте мугалим жетишсиз. Бул тууралуу аталган мектептин директору Зуура Шамшиева бүгүн, 17-мартта билдирди. Айтымында, бул мектеп быйылкы окуу жылында жаңы ачылган. 240 балага ылайыкталган, мугалимдин жетишсиздигинен учурда 108 бала окуп жатат.
“Бул мектеп араб өлкөсүнүн жана жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен салынган. Мурун жаш балдар 3 чакырым алыстыктагы мектептерге барып окушчу. Учурда аталган мектепте 1-класстын балдары окуп жатышат”,- дейт Шамшиева.