Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы коррупцияны жок кылууга аракет кыларын айтты.
“Бул нерсе кагаз жүзүндө калбашы керек. Андыктан социалдык мекеме-ишканалардан тартып көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Жеке эле укук коргоо органдары эмес, бардык тармактардын жетекчилерин коррупциянын алдын алууга чакырам”,- дейт Кадырбаев. Айта кетсек, бүгүн мэриянын имаратында координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн жылдагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтар берилди. Шаар башчы келген жетекчилерге коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иштерди көзөмөлгө алууну тапшырды.