Баткен. Кызыл-Кыядагы "Түштүк-кыргыз" цемент заводунда 1000дей адам иштейт

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Түштүк-кыргыз" цемент заводунда 1000ге жакын адам иштейт. Алардын 98-99 пайызы жергиликтүү жашоочулар. Бул тууралуу аталган заводдун маркетинг жана жеткирүү боюнча директору Рүстөмбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, жумушчулардын орточо эмгек акысы 15 миң сомдун тегерегинде.

“Цемент заводу 6 жылдан бери иштеп келет. 2012-жылы 500 миң тонна цемент өндүрүлсө, 2013-жылы анын көлөмү 700 миң тоннага жетти. Өндүрүлгөн цементтин 70-75 пайызы ички рынокто керектелет. Калганы Тажикстан жана Өзбекстанга жөнөтүлөт. Учурда чек ара жабык болгондуктан, экспорт токтоп турат”,- деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан