15-мартта Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Тазалык” жана “Жашылдандыруу” ишканаларынын активдери менен жолугушту. Мэриянын билдиришинче, мэр аталган ишканалардын жетекчилигине бир катар эскертүүлөрдү берди. Ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Башкача айтканда, шаар башчысы “Тазалык” менен “Жашылдандыруу” өз функциясын толук аткара албай жатканын айтты.