Мамлекеттик кызматкерлер кирешеси боюнча 1-апрелге чейин декларация тапшырышпаса, 2000 сом айып салынат

Мамлекеттик кызматкерлер 2013-жылдагы кирешеси жана мүлкү боюнча 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган мөөнөткө чейин бирдиктүү салык декларациясын төмөнкү жарандар тапшырууга милдеттүү:

1. Жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр);

2. Менчигинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрү бар жеке жактар;

3. Юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырышкан дыйкан жана фермер чарбалары;

4. Кирешелерин жана мүлкүн ачыкка чыгаргандар.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат,- деп билдирет Салык кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан