Бүгүн, 17-мартта Жогорку Соттун имаратынын алдына депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар колдоруна "Ахматбек Келдибеков - чыныгы мекенчил патриот", "Кыргыз эли акыйкат чечимди күтөт" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушкан. Көп өтпөй 30дай митингчини милиция кызматкерлери күч менен автобуска салып алып кетишкени белгилүү болду.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов менен байланышсак: "Биринчиден, алар митинг өткөрүүгө тийиштүү мекемелерден уруксат алышкан эмес. Экинчиден, коомдук тартипти бузганы үчүн кармалды. Биринчи Май РИИБинин атайын тергөө тобу тиешелүү документтерди чогултуп, сотко тапшырды",- деп түшүндүрдү. Бизде "Коомдук тартип кандайча бузулду?" деген суроо жаралды. Шаардык милициянын басма сөз кызматынын жетекчиси: "Митинг өткөн жерге жакын мектеп жана мамлекеттик ишканалар бар. Митинг өткөрүү менен Ахматбек Келдибековдун тарапташтары жогоруда саналып өткөн мекемелердин ишине тоскоолдук жаратышты",- дейт.
Эске салсак, ушул сыяктуу окуя 2009-жылы Бакиевдин бийлигинин тушунда да болгон. 29-июлда КСДПнын Бишкектеги башкы кеңсесинде өтө турган “Таза шайлоо” митингине катышуу үчүн Беш-Күнгөй айылынан келе жаткан митингчилердин 30дайын милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Ошол учурда ИИМдин басма сөз кызматын жетектеп турган Бакыт Сейитов КСДПнын тарапташтарына "коомдук тартипти бузду" деген айып тагылганын билдирген.
Акаевдик, андан кийин бакиевдик бийлик менен күрөшкөн оппозициянын талаптарынын негизги катарында "сөз эркиндигин коргоо", "жарандардын митингге чыгуу эркиндигин чектебөө" деген пункттар болуп келген. Бирок ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү бийликке жеткенден көп өтпөй эле атуулдардын жогоруда айтылган эркиндиктерине өздөрү каршы бурулган көрүнүш кайталанууда. Кыргызстанда бул өңдүү окуялар эч бир өзгөрүүсүз сценарий менен кайталанып келет. Болгону бийлик алмашкан сайын каармандар да алмашат.