Крым парламенти 30-марттан тарта Москва убактысына өтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта "Крыминформ" агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 30-мартынан баштап Крымдын убактысы 2 саат алдыга жылат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-мартта Крымдын Жогорку Кеңеши кезексиз пленардык жыйынында Крымдын көз карандысыздыгы тууралуу токтом кабыл алды. Ага 85 депутат добуш берди.