Ош. Окуучулардын сөз байлыгын өстүрүүгө багытталган семинар өттү

Ош шаарындагы Карл Маркс атындагы №2-мектеп-гимназиясында башталгыч класстардагы окуучулардын сөз байлыгын өстүрүп, кол жазмасын оӊдоого багытталган семинар өттү. Бул тууралуу 17-мартта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы усулчусу билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган семинарга шаардагы кыргыз жана орус тилдүү 34 мектептин 4-класстарынын мугалимдери катышкан. 

Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты кол жазмалардын көргөзмөсү, «Сулуу жазып суктандырам» аталышта ачык сабактар, мугалимдер ортосунда пикир алышуу болду. Анда "Кантип окуучуну сулуу жазганга үйрөтсө болот?" деген суроонун тегерегинде талкуу жүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан