"Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйү оңдолуп, колдонууга берилди" деди Жалалидин Рахматуллаев

Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйү оңдолуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу аталган шаардын вице-мэри Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, төрөт үйү 1956-жылы ачылган. 1977-жылы сел жүрүп, төрөт үйүнүн биринчи кабаты сууга толуп калган. Ошондон бери алгылыктуу оңдоо иштери жүргөн эмес.

Бул Кызыл-Кыя шаарындагы жалгыз төрөт үйү. Муну толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө 11 миллион сом сарпталды. Анын 4,5 миллиону жергиликтүү бюджеттен каралса, калганы марафон аркылуу чогултулган. Оңдоо иштери былтыр жайында башталган. Быйыл январь айында толук бүттү. Ошондой эле төрөт үйүндөгү жабдыктардын баары заманбап. Мындайлар Бишкек шаарында да жок”,- деди вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан