Кызыл-Кыя шаарында азык-түлүк күндөн-күнгө кымбаттоодо

Акыркы бир айда Кызыл-Кыя шаарында азык-түлүккө болгон баа дээрлик 5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу шаар тургуну Насипа Акматова билдирди.

Айтымында, бир ай мурда эле кумшекердин килограммы 50 сом болчу. Учурда анын баасы 55 сомго чыккан.

Мындай кымбаттоо бардык азык-түлүктөрдө байкалууда. Өткөндө 1100 сомдук бир кап унду 1300 сомго алдым. Өзгөчө өлкөнүн башка аймактарынан ташылып келинген продукцияларга баалар жогорулап жатат. Жергиликтүү продукциялардын баалары ошол эле бойдон”,- дейт Насипа Акматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан