Абдивап Зулпуев: "Кызыл-Кыядагы Экономика, укук жана технология институтунда 2000ден ашык студент окуйт"

Кызыл-Кыядагы Экономика, укук жана технология институтунда 2000ден ашык студент окуйт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын жетекчиси Абдивап Зулпуев билдирди.

Бул окуу жай 1995-жылы ачылган. Ошол кезде шахтёрлордун кароосуз калган Маданият үйү бизге берилген. Бирок убагында документтештирилбегендиктен мэрия алып койгон. Учурда ижара акысы үчүн мэрияга 40 миң сом төлөйбүз. Эми бул имаратты Кызыл-Кыя шаарынын Маданият үйү кылабыз деп жатышат. Менимче, ал үчүн көп акча каражаты жана кадрлар керек го”,- деди Абдивап Зулпуев.

Ошондой эле Зулпуев төмөндөгүлөрдү кошумчалап өттү: “Окуу жайда 100гө жакын окутуучу иштейт. 6 илимдин кандидаты, 2 илимдин доктору бар”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан