Жалал-Абад шаарында Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы аймактык башкармалыгында 17-март күнү Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатылып, "Ыр кесе" сынагы болуп өттү. Аталган аймакта 24 миңден ашык калк жашайт. Иш-чаранын максаты - элди ынтымакка чакырып, сүмөлөк кайнатып, достукту даңазалаган ыр-күүлөрдү аткаруу. Майрамдык салтанатта боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар жасалды. Ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду. "Ыр кесеге" Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев катышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан