Фурхат Үсөнов ички иштер министринин орун басарлыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Ф.Үсөнов аталган кызматта 2013-жылдын 27-мартынан бери иштеп келген. Премьер-министрдин башка жарлыгы менен Калыбек Сатыбалдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Калыбек Сатыбалдиев буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын жетектеген.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын башкарып турган учурда ички иштер министринин мурунку орун басары Болот Абакиров менен чатакташканы белгилүү. Абакировдун төрагалыгы менен өтүп жаткан жыйынды үзгүлтүккө учураткан. Анда Сатыбалдиевди кол алдындагы бир катар кызматкерлери жактап чыгышкан.