Алмазбек Атамбаев менен вице-премьер-министр Токон Мамытов чек ара маселесин сүйлөшүштү

Бүгүн, 18-мартта президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамытов мамлекет башчыга чек аралардын коопсуздугун чыңдоо, мамлекеттик чек араларды коргоо жана өлкөнүн канатташ чек ара аймактарында келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

Жолугушууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да сөз болгонун Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан