Жакында машыктыруучусун кызматтан айдаган орусиялык “Зенит” футболдук клубу бүгүн, 18-мартта расмий сайтында португалиялык адис Андре Виллаш-Боашты башкы машыктыруучулук кызматка дайындады. Келишимге 20-мартта расмий түрдө кол коюлат. Андре Виллаш-Боаш клубду жакынкы 2 жылда машыктыра турганы айтылууда.
Кошумчалай кетсек, 36 жаштагы Андре Виллаш-Боаш башкы машыктыруучу катары коомчулукка португалиялык “Порту” клубу аркылуу таанылган. Андан соң ал “Челси”, “Тоттенхэм” сыяктуу англиялык клубдарда кызмат кылып келген. Акыркы клубу "Тоттенхэмде" ээлеген кызмат ордунан ал декабрь айында кол жууп калган.