Жогорку Кеңештин депутаттары жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууда. Урмат Аманбаева, Абдыманап Кутушев жана Чолпон Султанбекова Ош облусунда жүрүшкөнүн 18-мартта ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Ал эми Кенжебек Бокоев Таласта жүрүптүр.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 19-март күнү бир катар жолугушууларды өткөрөт. Иш-чарада эл өкүлдөрү өз иштери тууралуу маалымат берип, жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угушмакчы.
Айта кетсек, депутаттардын аймактарды кыдырышы 20-мартта аяктайт.