Жогорку Кеңештин депутаттары Элмира Жумалиева, Майрамкан Кадырбекова жана Майрамкүл Тиленчиева бүгүн, 18-мартта Таластагы Кара-Буура райондук архивинин имаратын көрүштү. 1959-жылы курулган райондук архивдин имараты бир да жолу оңдолбоптур. Анда иштеген кызматкерлер тарыхты тастыктоочу документтер жоголуу коркунучунда экенин айтышканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттар бул маселени парламент жыйынында көтөрүп чыгарын айтышканы белгилүү болду.