Өкмөт жооп берет: Окуу жайларда компьютер колдонгон жана информатикадан сабак берген мугалимдерге зыяндуулук үчүн акча төлөнөбү?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Колледжде, мектепте, жалпысынан компьютер колдонгон жана информатикадан сабак берген   мугалимдерге зыяндуулук үчүн акча төлөнөбү? Төлөнсө канча пайыз менен жана эмгек тажрыйбасы каралабы? Суроо калтырган Turadi

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы №161-токтому менен бекитилген “Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө тартиби” жөнүндөгү тиркемесинин 5-беренесине ылайык, өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча төлөө эмгек шарттарынын зыяндуулук даражасына жараша кызматтык маянага (тарифтик ставкага) пайыздык катышта, бирок эмгек шарттары оор жана зыяндуу болгон жумуштарга 15 пайыздан жана эмгек шарттары өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу болгон жумуштарга 30 пайыздан кем эмес деп белгиленет.

6-беренеге ылайык, жогорулатылган эмгек акы жумушчуларга эмгек шарттары оор жана зыяндуу же коркунучтуу (бөтөнчө зыяндуу же коркунучтуу) жерлерде жана жумуштун 50 пайыздан кем эмес убактысын иондоочу нурдануу жумуштарында иштеген учурларда төлөнөт.

Ошого ылайык, билим берүү мекемелеринин жумушчуларына зыяндуулукту белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык-техникалык коопсуздугу боюнча инспекциянын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, жумуш ордунун зыяндуулугу аныкталат. 

Суроого Билим берүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Нурия Кийизбаева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан